Бүгүн, 24-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кең-Сай массивине бирдей типтеги турак-жайларды куруу боюнча пландалып жаткан долбоорду техникалык кеңешмеде талкуулады. Ошондой эле аталган массивге курулуп жаткан текстиль фабрикасынын курулушунан кабар алды. Шаар башчысы Президенттин Региондорду өнүктүрүү боюнча жарлыгына ылайык, 35 гектар жер текстиль фабрикасын курууга бөлүнүп билгендигин билдирип, биринчи этабында 4500 жумуш орун түзүлөөөрүн белгиледи.

“Кең-Сай массивин өздөштүрүү боюнча тийешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте атайын техникалык кеңешме өткөрдүк. Текстиль фабрикасын курууга мэрия тарабынан жер бөлүнүп, учурда жеке ишкерлер тарабынан курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Шаар күнүнө карата биринчи этабын ишке берүүнү пландап жатышат. 2021-жылы 11000 жумуш орун түзүлө тургандыгын билдиришти,”- деди Т.Сарыбашов.
Таалайбек Сарыбашов Кең-Сай массивинен 3125 жаран жер алып, 2177синин архитектуралык иш-кагаздары бүткөндүгүн кошумчалады.

«Ак-Башат» долбоорлоо институту тарабынан Кең-Сай массивин өзгөчө шаарчага айландыруу боюнча атайын долбоор даярдалган. Банктар менен сүйлөшүп, ыңгайлуу шарттар менен акча каражатын алып берип, бирдей типтеги заманбап үйлөрдү курууну пландаштырып жатабыз. Учурда долбоорду ишке ашыруу максатында жердин ээлери менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Курулган үйлөрдө толук шарттар түзүлүп, ипотекалык негизде ишке ашат. Анткени көпчүлүк жер тилкесин алган жарандарыбызда үй куруу шарты жок болушу мүмкүн. Арзандатылган баада үй куруп берсек, жашоочуларга жардам болот. Ал эми суу, газ, свет жана канализация тартуу иштерин «Кыргыз Текстиль» фабрикасынын жардамы менен тартылып, шарттар түзүлөт. ”-деп кошумчалады шаар башчысы.

«Кыргыз Текстиль» ишканасынын жетекчилигинин көрсөтмөсүндө фабрика курулган аймакта социалдык объекттер курулуп, баардык шарттар түзүлөт.