23-июнда райондук сот Алмазбек Атамбаевди 11 жылга түрмөгө кесип, мүлкүн конфискациялоо боюнча чечим чыгарды.
Раиса Атамбаеванын Сооронбай Жээнбековдун достукка кыянатчылык кылганын, судьяларга басым жасаганын айтып, болгон иштин баарына эле Президент күнөөлүү дегендей кылды. Анысы го түшүнүктүү — болгон ызасын бир адамдан чыгарыш керек болуп жатат да.
Бирок акырында “Сооронбай Шарипович, биздин мурдагы досубуз, мен сизге дагы бир жолу жолугуп, көзүңүзгө тике карап, туулган күнүмө кылган “белегиңиз” үчүн рахмат айткым келип жатат”, — деди. Кандай түшүнсөңөр ошондой түшүп алгыла, мына сага “терең философия”!
А көрөкчө, өз маалында көзүн май басып, элдин сынын бир тыйынга теңебей калган күйөөсү Атамбаевдин көзүнө тике карап:

  • Биринчиден, жок дегенде ушу “каралардын” ишине – Батукаевдин маселесине кийлигишпе деп айтпайт беле!
  • Экинчиден, Бишкек ЖЭБи Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келип жатканын эл какшап жатат деп айтпайт беле!
  • Үчүнчүдөн, Тарых музейи, Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча мыйзамсыз иштер бар экен, көңүл бурсаңчы деп айтпай беле!
  • Төртүнчөдөн, эл бул шофер балага нааразы болуп жатат, сенин “үстүңөн тон бычып” иш кылбасын деп коңгуроо какпайт беле!
  • Бешинчиден, эң эле жок дегенде ушу сындаган журналисттерди аяп, сөз эркиндигин муунтуу болуп калбасын деп, эскертпейт беле!
  • Алтынчыдан, башка мамлекеттердин башчылары кандай болсо да падыша, аларга сый урмат менен мамиле кылсаңчы, деп айтпайт беле!
    Тизмектей берсе, Раиса айымдын күйөөсүнүн бетине айта турган толгон-токой маселелери бар.
    Мына ушул сыяктуу элдин арасындагы чыркыраган чындыкты айтуунун ордуна, “Платон менин досум, бирок чындык андан да кымбат” деген Жээнбековго “рахмат” айтат элем дейт.
    Кыргызда “Вазир жакшы — хан жакшы, аял жакшы – эр жакшы” деген улуу кеп бар, урматтуу Раиса Минахмедовна!