Аида Исмаилова “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы бир жолу колдонулуучу беткаптарды чыгаруу боюнча цехтин ачылыш салтанатына катышты. . Бул тууралу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

“Пандемия шарттарында чек ара жабылгандыктан улам импорт кескин кыскарып, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү өтө актуалдуу болуп калды. Биз экономикабызды өнүктүрүүгө ата мекендик инвестицияларды тартууну, өлкөбүздө чыгарылган продукцияларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө, айрыкча Евразия экономикалык бирлигинин рынокторуна экспорттоого өбөлгө түзүүнү колдоого алабыз. Өндүрүштүн баштапкы баскычында 25 жумуш орду түзүлгөн, мындан ары кызматкерлердин штатын жана чыгарылган өндүрүмдөрдүн түрүн көбөйтүү аркылуу өндүрүштү кеңейтүү пландалууда. Ишкана сапаттуу продукцияларды өндүргөн ишенимдүү өндүрүшчүлөрдүн катарын толуктоосун, өндүрүштү өркүндөтүп жана өлкө үчүн ийгиликтүү иштеп берүүсүн каалайм”, деген Аида Исмаилова.

Белгилей кетсек, ата мекендик ишкерлер 160 миң АКШ доллары турган беткап чыгаруучу заманбап жабдууларды сатып алып, орнотушкан. Өндүрүштүн болжолдуу көлөмү — суткасына 50-60 миң даана беткап чыгарат. Беткаптар FRR1 тиби боюнча EN149:2001 европа стандартына дал келет. Толук автоматташтыруу, анын ичинде беткаптарды автоматтык түрдө таңгактоо жана стерилдөө өндүрүштүн өзгөчөлүгү болуп саналат.

Бул долбоордун башкы милдети өлкө калкын сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы бир жолу колдонулуучу медициналык беткаптар менен камсыздоо болуп саналат. Ошондой эле FFP3 стандарты боюнча № 95 респираторлорун чыгаруу пландаштырылууда.