Саясат

Жээнбеков Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын делегациясы Москва шаарынан Бишкекке чыкты. Учаардын астында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Кыргыз Республикасынын президентинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катыша албай калгандыгы өкүнүү менен белгиленди.

Буга чейин маалымдалгандай, Москва шаарына келгенден кийин делегациянын бардык мүчөлөрү кайрадан тест тапшырышкан. Тапшырган тесттердин жыйынтыгында делегация курамындагы коштоп барган адамдардын экөөнүн анализи оң деп чыккан.

Бишкекке келгенден кийин анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button