Корея борбордук телеграфтык агенттигинин маалыматы боюнча КУДР Мамлекеттик кеңешинин төрагасы Ким Чен Ын Башкы штаб тарабынан түштүккө каршы сунушталган согуштук аракеттердин планын кийинкиге жылдырган.

Кореялык лидер өзүнүн мындай чечимин Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук аскердик комитетинин 5-сессиясынын отурумунда кабыл алган.

Белгилей кетсек, Түндүк жана Түштүк Корея мамлекеттеринин ортосундагы мамилелер 16-июндан тартып курчуй баштаган жана ага Кэссон өнөр жай комплексиндеги биргелешкен кеңсенин Түндүк Корея тарабынан жардырылуусу себеп болгон.

Буга чейин Түндүк Кореялык тарап эгерде Түштүк өз активисттери тарабынан Түндүккө пропагандалык мүнөздөгү материалдарды жөнөткөнүн токтотпосо кеңсени жардырып, ал тургай, аскердик макулдашуулардын чыга тургандыгын билдирген.