Польша Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча коронавирус учурларынын саны 32 821ди түзгөн жана жалпы жонунан 1396 адам бул илдеттин кесепетинен улам каза болгон.

Эске сала кетсек, Польша мамлекетинде коронавирус илдетинен жабыркаган эң алгачкы бейтап 4-март күнү аныкталган.

Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө 1965 адам ооруканага жаткырылса, алардын ичинен 65 бейтап өпкөнү жасалма жол менен желдетүү аппаратына кошулган. Мындан сырткары 92 992 бейтап карантинге кабыл алынса, 18 134 пациент бул илдеттен сакайып кеткен.