Коом

Чечме айылынын тургундары бийликке кайрылышты

Кадамжай районунун Чечме айылындагы чек арада 31-майда болгон кыргыз-өзбек чырында (булак талашуу) жабыр тарткан тургундардын чыгымдары азыркыга чейин эсептелип бүтө элек. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Маалыматка караганда, чыр-чатак учурунда 1 үй жана мал сарай орттонуп, 6 унаа жараксыз абалга келген. Элеттин тургуну Элмурза Манас уулунун 2 бөлмөлүү үйү, мал сарайы жана 3 жылдан бери мал-жандыгына камдап келген чөбү өрттөнүп кеткен. Атасынан мурас калган үй көз ачып-жумганча күлгө айланган. Учурда бул үй-бүлөгө эл тарабынан жардам берилгени менен бийлик тараптан баш баккан киши жок.Чечме айылынын тургундары президенттен чек ара маселесин чечип берүүсүн жана чырдан улам жабыр тарткан жарандардын чыгымдарын толтуруп берүүнү суранышууда Буга чейин Чечме айылындагы булакты 2 өлкөнүн жарандары ынтымак менен пайдаланып келишкен. Сууну 80% Өзбекстанга агат. Айыл тургундары булактын Өзбекстанга өтүп кетүүсүнөн кооптонушууда. Аталган булактын суусун 250 кожолук ичүүчү суу жана сугат суу катары пайдалынып келе жатат. Айылдын тургуну Таавалды Жаныкулов булактын жанында ата-балалар коюлуп келген мазар бар экендигин кошумчалады.

Бул булактан 2 арык кеткен. Бир арыктан кыргыздарга суу кетет.Экинчи арыктан өзбек элине суу кетет. Булакты Чечме айылынын эли ашар жолу менен тазалап жатканда өзбек жарандары келип, өздөрүнө кетүүчү арыкты кеңейтүүгө аракет жасаган. Чечмеликтер арыкты кеңейтүүгө болбой тургандыгын айтып, натыйжада пикир келишпестик орун алып, ортодо таш ыргытуу менен коштолгон чыр чыккан.

Айыл тургундары чыгымдар эсептелбегенин айтышса, Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Жаркын Максүтов чыгымдарды эсептөө үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн айтып, тез арада элге жардам берилерин белгиледи

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button