Ак Үй алдындагы Улуттук соода-сатык боюнча кеңештин башчысы Питер Наварро Fox News Channel телеканалына берген маегинде «АКШ Президенти Дональд Трамп КЭР менен болгон соода-сатык келишимдерин токтотуу тууралуу» чечим кабыл алгандыгын билдирген. Анын айтуусу боюнча мындай чечимдин кабыл алынышына Пекин шаарында кайрадан күч алып жаткан коронавирус илдети себеп болгон.

Аталган телеканалдын билдирүүсү боюнча Америка лидери май айында, тагыраак айтканда пандемия башталгандан тартып Кытай менен болгон макулдашууларга карата өз мамилесин өзгөртө тургандыгын айткан.

Белгилей кетсек, эки өлкө ортосундагы соода-сатык келишиминин биринчи фазасы боюнча макулдашууга үстүбүздөгү жылдын 15-январында кол коюлган. Өз кезегинде Дональд Трамп коронавирус илдети Кытай шаары Уханьдан чыккан жана анын дүйнө жүзүнө таралышы үчүн Кытай бийлиги күнөөлүү деген пикиринен кайтпай келет.