Москвадан биздин жарандардан коронавирус тастыкталды. Ал эми, Кыргызстанда алынган анализдердин жыйынтыгы терс болгон. Биздин тесттердин сапаты кандай?

Жооп: «Биздин ПЦР тесттер сапатсыз жүргүзүлбөйт. Анализдин качан тапшырылгандыгы маанилүү. Себеби, вирус жугузуп алуу ар бир мүнөттө болушу мүмкүн. Кечээ аталган эки жаран Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Калган адистер 3 кун изоляциядан кийин, кайталап алынган анализи терс чыкса, жумушка чыгышат», — Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.