Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Тюлеев «Фейсбуктагы» өз баракчасына Кыргызстанда соттолгон адамдын гана эмес, ошону менен бирге бүтүндөй үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүн конфискациялоо турмушта орун алган туура эмес практика болуп калгандыгын жана ал мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан киргизилгендиги тууралуу жазып калтырган.

«Мен соттун чечимин баалай албайм. Буга чейин мен Атамбаев менен бирге анын тарапташтарына акыйкат сот каалай тургандыгымды билдиргем. Бүгүн минтип сот болуп өтүп, кандай чечим кабыл алынгандыгы барыбызга жакшы маалым. Албетте, мен Атамбаевди табалабайм жана мындайды душманыма да каалабас элем. Тилекке каршы, бул система Атамбаевдин жеке аракетинин негизинде калыптанган», — деп жазат Тюлеев.

Мындан соң ал Атамбаевдин өзүнө кайрылып: «Сиз түзгөн система бир кездерде мага карата кандай басым жасаган болсо, бүгүн ал сиздин өзүңүзгө карата урулган сокку болду. Бул тууралуу мен эмес, эксперттер айтышууда. Эсиңизде болсо, мен жана менин туугандарым ММКлар аркылуу сизге бир нече жолу кайрылышкан. Албетте, мен Президенттике чейин, башкача айтканда жүргүзгөн бизнесиңиздин натыйжасында иштеп тапкан мүлкүңүздүн конфискацияланышын туура эмес деп эсептейм. Мындай болбош керек эле. Бирок, бул системаны Сиз түзгөнсүз, эми аны өзгөртүү үчүн дагы далай күч-аракеттер жана реформалар талап кылынат.  Сиз экөөбүз бул тууралуу самолётто дагы сүйлөшкөнбүз. Сот адилеттигин орнотуу, чыныгы мамлекеттик башкарууну, ошондой эле мыкты экономиканы түзүү үчүн сизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар эле. Башкача айтканда, Сиз мамлекетти 6 жыл бою башкардыңыз, бирок бул мезгил аралыгында Сиз, тилекке каршы болгон күч-аракетиңизди оппозицияны жана сөз эркиндигин басууга, ой-мүдөөңүзгө жана туура эмес коюлган максаттарыңызга каршы пикир айтышкандар менен күрөшүүгө жумшадыңыз».

Батукаевдин иши боюнча айта турган болсок, өтүнүч экендигин белгилеп, аны түрмөдөн чыгаруу тууралуу буйрук бердиңиз. Сиздин коркок генералдарыңыз эми минтип сизди сатып кетишти, же андай эмеспи? Башкача десеңиз, Батукаевди бошотуу боюнча кимдир бирөөлөрдүн өтүнүчүн аткаруу үчүн Сиз мүмкүн болгон жана болбогон нерселердин бардыгын аткардыңыз. Бүгүн минтип Сиз баага батырбай, кара кылды как жарган принципиалдуу адам катары көрсөткөн көпчүлүк кадрларыңыз кара жаны үчүн бүтүндөй күнөөнүн барын сизге оодарып салып баса беришти. Башкача айтканда, бул ишке түздөн-түз катышкан ондогон адамдардын ичинен жалгыз гана сиз темир тор артында отурасыз.  

Ошентсе да, Сиз кубанууңуз керек. Себеби, сиздин жакындарыңыз менин урук-туугандырымдай кысымга алынган жок. Социалдык тармактарга назар салган киши алардын ээн-эркин эле жашап жүрүшкөндүктөрүн көрөт.

Менин күнөөм сотто далилденген эмес. Ал эми Эсептөө палатасынын аудитору актыны чындыкка коошпогон сүрөттөр боюнча жазууга мажбурлашкандыгын айткан. Прокурор болсо, сот өндүрүшүн одоно бузуу менен иш материалдарында жок каяктагы бир документтерге шилтеме жасаган.

Ар кыл экспертердин менин эч кандай күнөөм жок экендиги тууралуу айтканына карабастан, бардыгы Сизден буйрук болгондугун жана аткарбай коюу мүмкүн болбой жаткандыгын айтышкан. Мунун негизинде, мен мэр боло электе жыйнаган мүлкүм, ал тургай илгери эле ажырашып кеткен аялымдын мал-мүлкү конфискацияланган. Мындай эреже бир дагы мыйзамда каралган эмес. Мен сизге кайрылганымда, мага: «Нариман, жөн эле төлөп кой да, чыга бер» – деп айттырыпсыз.  Ооба, мен төлөдүм. Бирок, сизден коррккондугум үчүн эмес, мени менен бирге сот жообуна тартылып жаткандар амнистия боюнча бошонуп кеткей эле деген ой менен төлөдүм.

Алмаз Шаршенович, мен эми эмне демекчимин, туура, Сиз дагы эркек катары төлөп коюңуз! Себеби, сиздин аркаңыз менен көптөгөн кишилер, алардын үй-бүлөлөрү жабыркады. Сиз, жалпы элдин көзүнчө «Мен мультимиллионермин!» – деп айттыңыз эле го. Демек, төлөп коюуга сиздин кудуретиңиз жетет.

Булак: elgezit.kg