Кемин районунун милициясы тарабынан жеке гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.  Бул тууралуу, Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Чүй облусунун ички иштер органдары тарабынан облустун аймагында коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү колго алынган. Анын ичинен Кемин райондук ички иштер органдары Республиканын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилгенден баштап күчөтүлгөн тартипте алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүшүүдө.

Андан сырткары, аталган илдеттин жайылып жаткандыгына байланыштуу Кемин райондук милициясы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте кафелердин, ресторандардын, дүкөндөрдүн ээлерине, базардагы сатуучуларга түшүндүрүү мүнөзүндөгү маектешүү иш-чараларын өткөрүп, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан сунушталган санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоолорун эскертишти.

Жогорудагыдай иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери жарандар тарабынан өздөрүнүн коопсуздугу үчүн сунушталган тиешелүү чараларды сактабай жаткандыгы аныкталып, аларга мындай фактыларды болтурбоону эскертишип, маектешүүлөрдү өткөрдү. Ошондой эле, милиция кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте жергиликтүү тургундарга жеке гигиеналык эрежелерди сактоону, өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн туугандарынын арасында массалык иш-чараларды өткөрбөө жөнүндө түшүндүрүүдө.