Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан туура эмес жана мыйзамсыз орнотулган жол белгилери алынды. Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы кабарлады.

 Бишкек ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери шаар тургундарынын жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында жол кыймылынын коопсуздугуна күн сайын көзөмөл жүргүзүп келет. Ошонун негизинде 2020-жылдын 24-июнунда Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери

“Бишкекасфальтсервис” ишканасына тапшырма берип, Разаков көчөсүндө туура эмес орнотулган же уруксаты жок макулдашылбай орнотулган жол белгилерин карап чыгып, бир нече мыйзамсыз орнотулган жол белгилери алдырып салынды. Мындан ары да Милициянын кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдө бөлүмү тарабынан Бишкек шаарындагы көчөлөрдөгү өз алдынча коюлган жол белгилери жана өз алдынча түзүп алышкан унаа койуучу жайларга карата текшерүү, көзөмөл жүргүзүү иш-чаралары улантылат.