Кара-Кулжа районунун аймагындагы эс алуучу жайларда райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул  тууралуу  Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы  кабарлады.

Ош облусунун аймагында жаш өспүрүмдөр сууга түшүп каза болгон 8 учур катталган.

Ошондуктан мындай өкүнүчтүү окуяга жол бербөө максатында Кара-Кулжа районунун Тогуз-Булак, а/а, Кашка-Жол, а/а, Кара-Кочкор а/а жана Ылай-Таала айыл аймактарынын аймагындагы эс алуучу жайларындагы эс алуучуларга жана жашоочуларга сууга түшүү учурунда коопсуздукту сактоону, жаш өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоону жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо боюнча талаптарды так аткару боюнча түшүндүрмө беришип нускамаларды таркатышты.

Ал жердеги элдерге жайкы эс алуу мезгилинде сууга чѳгүү кырсыктарын алдын алуу максатында ата-энелер ѳз балдарын кандай гана учур болбосун кароосуз калтырбоону эскертишти.

Мындай иш чаралар тынымсыз жүргүзүлүүдө.