Бишкек шаарында каракчылыкка шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 2019-жылы 9-сентябрда саат 20:00 чамасында Киев көчөсүндөгү «Престиж» акча алмаштыруучу жайына медициналык бет кап тагынып, тапанча көтөргөн белгисиз адамдар барып, 70 миң сом алгандан кийин качып кеткен. Ошондой эле 2019-жылы 7-ноябрда саат 19:00 чамасында Москва көчөсүндө жайгашкан эмерек дүкөнүнө барган белгисиз адамдар менеджерди жана администраторду сабап, 60 миң сом алып кетишкен.

«2019-жылы 26-ноябрда бет кап кийиген эки эркек адам “Эко Исламик Банктын” имаратына кирип, күзөтчүнү байлап, табелдик куралын тартып алып, кассирди аталган курал менен коркутуп, 1 млн 536 миң 365 сомду алып, качып кетүүгө жетишкен. 19-ноябрда Москва көчөсүндөгү “Сенсон Гранд” акча алмаштыруучу жайдан эки адам кызматкерди сабап, 3 млн 784 миң 546 сом алып кетишкен.

12-июнда саат 12:00 чамасында бет кап тагынган адамдар Манас проспектисиндеги “Керемет” банктын филилалында күзөтчү менен кассирди сабап, 1 млн 120 миң сом алып, окуя болгон жерден из жашырган. Бул факттар Жазык кодексиндеги 202-берене (каракчылык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн изине түшүп, 1975-жылы туулган С.А. менен 1983-жылы туулган А.Н.ны кармашты. Шектүүлөрдүн биринин “Тойота Лэнд Крузер 200” унаасы атайын кайтарылган жерге токтотулду. Алар жашаган жерден куралдар октору менен табылып алынды. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат», – деп айтылат маалыматта.