Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Facebook баракчасы аркылуу маалымдады.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештен жалпы төрт депутаттан коронавирус аныкталды.

«Кыска маалымат: Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус аныкталды. Жалпы төрт депутат, төрт аппарат кызматкери дарыланууда. ПЦР-тест тапшыруу иши уланууда. Оорудан сак болуңуздар!», — деп жазган ал.

Эске сала кетсек, буга чейин 18-июнда Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунан коронавирус аныкталган. 19-июнда «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нурдинов коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон. Ал спикер Дастанбек Жумабековдон башка бардык кесиптештери менен байланышта болгон.