Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов менен Экмат Байбакпаевден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бир нече басылмалар парламенттеги булактарына таянып жазууда.

Эл өкүлдөрү үй карантининде, оору жеңил өтүп жатат. Буга чейин депутат Бейшеналы Нурдиновдон вирус табылганы кабарланган. Жалпы 4 депутат ооруп жатат. Төртүнчүсү Бакыт Төрөбаев экени айтылууда.

Мындан сырткары Жогорку Кеңештин басма сөз башчысы Ибраим Нуракун уулу, аппараттагы бир нече кызматкер ооруп калды.

Эл өкүлдөрү жана ЖК кызматкерлери тест тапшырууну улантууда.