Бүгүн, 25-июнда КР Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10126 аскер бөлүгүндө жаш жоокерлердин ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР КК Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирет.

Үч жума ичинде аскер бөлүктүн офицерлеринин жана старшиналарынын жетекчилигинин алдында жоокерлер жаш жоокерлердин курсунан күчөтүлгөн даярдыктан өтүштү. Анда жаңы шарттарга, күн тартипге көнүгүшүп, алдыда аскердик милдеттерди аткарууга даярданышып, жалпы аскердик уставды окушуп, тактикалык, саптык жана дене-тарбия даярдыктарынан өтүштү.