Түлөбаев: абал өзгөрбөсө Бишкекти 15-20 күнгө жабуу тууралуу сунуш беребиз

Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев 25-июндагы онлайн брифингде илдеттин жайылуусу күчөп кетсе борбордук штабга калаанын 15-20 күнгө жабуу тууралуу сунуш берилерин билдирди.

“Эгерде бул оору жайыла берсе, анда биз борбордук штабга Бишкекти 15-20 күнгө жабууга сунуш беришибиз мүмкүн. Бул биздин укугубуз. Себеби, бүгүн, ден соолукту  өмүрдү ойлошубуз керек”, – деди Түлөбаев.

Ошондой эле шаардагы бардык коомдук жайлар санитардык эрежени сактабаса кечки саат 22:00дон таңкы 05:00го чейин жабылышы мүмкүн экенин кошумчалады. Түлөбаев келаткан жумадан баштап ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорт жана такси кызматтарынын иштөөсүнө тыюу салынаарын белгиледи. Мэриянын аппарат жетекчиси коомчулуктун кайдыгерлигинен эпидемия күчөп баратканын айтты.