Адамдын сырткы көрүнүшү өтө маанилүү. Себеби сырткы көрүнүш, адамдын өзүнө жана ошондой эле айланасындагы адамдарга, өзү жөнүндө ар кандай ой пикирди билдирип турат. Мисалы, сиздин сырткы көрүнүшүңүз акыл-эсиңизге өз таасирин тийгизет. Анткени сырттан кандай көрүнгөнүңүз, сизди ичтен кандай ойлордо жана кандай сезимдерде болуп жатканыңызды көрсөтөт десек болот. Мисалы, аскерлер формачан жүргөн учурда өздөрүн аскер экенин жана алардын милдети мекенди коргоо экенин түшүнүп сезишет. Ошондой эле аялдар кандайдыр бир көңүл ачуу кечелерине барганда, аябай жакшы кийингенге аракет кылышат. Себеби ал ошол көйнөктү кийгенде, өзүн канышадай же перидей башкача сезет.

Ошондой эле сиздин сырткы көрүнүшүңүз, башкалардын сиз жөнүндө кандай ойдо экендерине түшүнгөнүңүзгө жардам берет. Канчалык теорияда адамдар сенин сырткы көрүнүшүңө эмес, акылдуулугуңа караш керек деген менен иш жүзүндө адамдар эң биринчи, сизди сырткы көрүнүшүңүзгө карап баалап мамиле кылышат. Ошондуктан ар дайым биринчи көрүнүш өтө маанилүү.

Мындан 3-4 күн мурда магазинде, ичинде данеги жок кара жүзүм көрүп калдым. Баасы 100 сом экен. Ошол эле жүзүм бираз ары жакта, салмагы тартылган жана аябай жакшы бир баштыкчага салынган абалда сатылып жатыптыр. Бирок анын баасы 150 сом экен. Анан таң калып ошол жерде иштеген сатуучудан: ”Тээтиги баасы 100 сом болгон жүзүм менен баасы 150 сом болгон бул жүзумдүн эмне айырмасы бар? Себеби экөөтен бирдей эле көрүнөтко” — деп сурадым. Ал мага күлүп туруп: “Айырмасы баштыкчада, болбосо экөө тең бир эле жүзүм. Бирок жакшы баштыкчага салып сатканда, анын сырткы көрүнүшү жакшы көрүнүп, элдер да көп алышат экен” деди.

Чындыгында адамдын жана ошондой эле ар бир несенин сырткы көрүнүшү кадимкидей сүйлөйт. Чыкыйып сонун кийинген адамдын сырткы көрүнүшү позитивдүү нерселерден кабар берет. Мисалы ал кишинин маанилүү бирөө экенинен же болбосо акылдуу же интелегент болгондугун көрсөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, жүдөп таза эмес кийинип жүргөн адамдын сырткы көрүнүшү негативдүү нерселерден кабар берет. Мисалы өзүнө көңүл бурбаган, проблемасы көп, ийгиликсиз адам экенинен кабар бериши мүмкүн.

Мына ошондуктан ар дайым жакшы жана жарашыктуу кийинип, өзүңүздү жакшы алып жүрүнүз, себеби бул сизге жашооңузда көптөгөн утуштарды алып келет. Кийимди сиздин рухуңузду көтөргөнгө жана өзүнүзгө болгон ишенимди бекемдөөгө көмөк көрсөткөн курал катары колдонуңуз.

Өзгөчө кийим алганда санына эмес, сапатына карап алыңыз. Анан арзанга 3-4 кийим алгандын ордуна, кымбатыраака 1-2 марка кийим алгаңыз оң болот.

Сиз кандай ойлонсоңуз ошондой адамсыз. Эгерде сиздин сырткы көрүнүшүңүз, сизди маанилүү адамсын деп көсөтүп турса анда сиз өзүнүздү маанилүү адам сезе баштайсыз. Ошондуктан ар дайым жакшы жана жарашыктуу кийинип, өзүңүздү маанилүү адаммын деп ойлоп жакшы алып жүрүңүз.

Башкалардын урмат-сыйына ээ болуш үчүн, биринчиден сиз өзүңүздү, мен ошого татыктуумунбу деп ойлонуп көрүшүңүз керек. Себеби сиз өзүнузду канчалык урматтап-сыйласаңыз, башкалары да сизди ошончолук урматтап-сыйлайт.

Алмаз Арапов