Гүлназ Чыныбек кызы: “Биз андай өзгөрүүгө даяр эмес окшойбуз”

Ырчы айым, жакында өзгөчө стилде “ Сагынарсың дагы” деген ырына клип тарткан. Аталган клип көпчүлүктүн көңүлүн буруп, социалдык тармактада күйөрмандарынын кызуу талкуусуна алынды. Айрымдар өсүү керек жакшы клип болуптур дешсе, экинчи тарап, чет элдик топтордун клибине окшоштурган.

Ал эми Гүлназ өзү бул тууралуу инстаграм баракчасына бул клипти тартуу үчүн 5000 доллар сарпталганын, режиссер эмне десе баарын кылганга аркет кылганын жазды.

View this post on Instagram

Йэээээ достоооор😱😱😱 Мен жумуштар менен алек болуп журуп «Сагынарсын Дагы»нын Ютубга жазылган комменттерин бугун эээми окуп чыктым🤭🤭🤭 Тимеле «Третья Мировая Война» болуп кетиптир гооо🙊🙊🙊 ⠀ Бул эмне деген шумдук??? ⠀ Клиптин режиссеру эмне десе баарын кылганга аракет кылдым. Техника, образдар, кийим, актерлор, бийчи кыздар даже аксессуарларга чейин детально иштеп чыктык. ⠀ Чынын айтайын, чыгармачылыгымдагы эн коп каражат кеткен клибим болду. Бардык чыгымды болжолдуу эсептегенде💵💵💵 $5000 га чамалап барды. Буга чейинки клиптеримден айырмалансын, алдыга карай осойун деп болгон кучту жумшадык. ⠀ Анан бугун карасам элееее ызы-чуу го🙊🙊🙊 Эки тарап болуп уруш го Ютубдагы комменттерде🤭 Бир тарап «Дуйнону багындырып жаткан бир ырчы топтун клипине 1-2 кадр окшош экен» деп ызы чуу салышыптыр🤭 Экинчи тарап «Каяктагы тааныбаган эле чет олколук топ учун фанат болбой, озгоруу жасаганга аракет кылган озубуздун ырчыларды колдобойсунарбы» деп мага болушуп жазышыптыр. ⠀ Наркы тарап ото агрессивдуу экен. Дизлайктарды коюшуп, тигилер учун жанын бергенге даяр сыяктуу го🙊 ⠀ Ал группаны мен да тааныйм, жана чыгармачылыгын сыйлайм! Ошондой Дуйнолук Шоу Бизнести багындырып жаткан Миллиарддаган акчага💵 тартылган клипке менин 5000 долларлык клипимди салыштырып жаткандарына бир чети сыймыктандым жана кубандым !!!🥰🥰🥰 ⠀ Бир чети «биз андай озгорууго даяр эмес окшойбуз. кыргызча эле образдарда даяр эле жерлерге барып клип тартып журо берсем окшойт» деп дагы капаланып кеттим😥 ⠀ Бул клип менден озгочо образдарды, озгочо стилди куткон корормандар жана угармандарым учун тартылды. Андыктан ооооткондо суйлошкондой колдоонуздарды сезгим келип жатат. Сториске ссылка коюп койдум. Youtube дан клипти коруп, лайк коюп👍, жакшы комментериниздерди жазып коюнуздарчы😌 Тигилер билишсин мени деле колдоочулар коп экенин🙈 Болбосо окуп алып бир сыйра депрессия болуп кетейин дебедимби 😟. ⠀ Ал эми ушунча мээнет кеткенин байкап, мен менен кошо кубанып, колдоп коштоп пикир жазып, видеолорду тартып, отметка кылып жаткандарга оооооло чооон рахмат айтам😘😘😘 Сиздер бар — Гульназ Чыныбек кызынын чыгармачылыгы бар жана осо берет, буюрса ✊🏻✊🏻✊🏻🙏🏻🙏🏻🙏🏻

A post shared by Гульназ Чыныбек кызы (@gulnaz_chynybek_kyzy) on