Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Европалык регионалдык бюросунун директору Ханс Клюгенин билдирүүсү боюнча Европаны коронавирус илдетинин жаңы толкуну каптады.

Анын айтуусу боюнча акыркы эки жума ичинде региондун 30 өлкөсүндө COVID-19 илдети боюнча жагымсыз динамика байкалган. Мындан сырткары, 11 өлкөдөгү абал, ошондой эле киргизилген чектөөлөрдүн алынып жатышы дагы эпидемиянын жандануусуна шарт түзүүсү толук ыктымал.

Белгилей кетсек, Европада коронавирустук инфекция менен байланышкан учурлар 2,6 миллионго жетсе, 195 миң адам бул дүйнө менен кош айтышкан.