Коронавирус илдетине байланыштуу компенсация катары АКШ Өкмөтү тарабынан төлөнгөн 1,4 млрд доллардан ашык суммага «өлүү жандар» дагы ээ болушкан.

АКШ Финансы министрлигинин Салык боюнча башкы инспекторунун баяндамасына ылайык дээрлик 1,4 млрд доллар өлчөмүндөгү сумманы түзгөн 1,1 миллион төлөмдөр көзү өтүп кеткен адамдардын эсебине которулган.

Баяндама авторлорунун айтуусу боюнча компенсацияларды жөнөтүүчүлөр шашып калышкандыктан потенциалдуу алуучулар жөнүндө маалыматты көзү өткөндөрдү каттоо алууга базасындагы маалыматтар менен салыштырышкан эмес.