«Маалыматты манупуляциялоо» деген мыйзамды алып чыгып, фейктер менен күрөшүү деген шылтоо менен сөз эркиндигине сыйыртмак салгысы келген Гүлшат Асылбаевага коомчулук тарабынан катуу сын пикир айтылганын көргөн саясий бирикмелер бир күн ичинде убадаларынан тайып, бул депутат айымга кийинки шайлоого орун бергенден баш тартып жатышат.

Буга чейин Гүлшат Асылбаева «Кыргызстан», «Биримдик» партияларынан аялдар квотасы менен кайрадан депутаттыкка аттануу оюн билдирип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келсе эми болсо эки партиянын көзүрлөрү тең ич ара бул айымды катарга кошуудан баш тарта башташты.