Пенсионерлер жол жүрүү карталарын акимчиликтен жана аймактык муниципиалдык башкармалыктан ала алышат. Бул тууралуу калаа муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жеңилдетилген жол жүрүү карталары 1-июндан тарта бериле баштаган. Бүгүнкү күнгө чейин 6 миңден ашуун песионер алган.
«Жол жүрүү картасы санитардык талаптардын негизинде берилет. Аймактык муниципиалдык башкармалык бир күндө 80ден ашпаган адам кабыл алат, ал эми акимчиликте 50 кишини кабыл алат», — деп билдирет мэрия.
Аймактык муниципиалдык башкармалык 15-июлда ишин токтотоору белгилүү болду.
Жол жүрүү картасын алуу боюнча маалымат алуу үчүн 0312 58 20 00 номуруна кайрылууга болот.