Бостон университетинин жугуштуу оорулар улуттук лабораториясынын (NIEDL) окумуштуулары, Signify  компаниясы менен бирге коронавирустук инфекцияны 25 секундда жок кылуунун жолун табышты. Бул тууралуу «Российская газета» изилдөөгө шилтеме берүү менен жазып чыкты.


Атайын лампалардын ультрафиолет нурлануусунда SARS-CoV-2  алсыз боло  тургандыгын белгиледи. Эксперимент учурунда адистер вирус жуктурулган, буюмдарды, ар кандай дозада лампалардан чыккан ультрафиолет нурлары менен нурландырышкан. Бир чарчы сантиметрге 5 мегаджоулдан турган дозада, алты секундада коронавирустун таралышы 99 пайызга төмөндөгөнү белгилүү болду. Бир чарчы сантиметрге,  дозаны 22 мегажоулга көбөйткөндө , вирус 25 секундада дээрлик толугу менен жок болуп кеткен.


Июнь айынын башында, америкалык жана кытай илимпоздору, адамдар коронавирустун антителолорун эч качан пайда кыла алышпайт, кээ бир учурларда бейтап айыгып кеткенден кийин жок болуп кетет деген тыянакты айтышкан.

 Эксперттер мындай жыйынтыкка коронавирустун очогу болгон Ухандагы медицина кызматкерлердин иммунитетинин пайда болушун изилдөө менен келишкен. Дарыгерлер инфекция менен ооругандар менен түздөн-түз байланышта болушкан. Изилденген 23 миң дарыгердин кеминде төрттөн бири коронавирусту жуктурушу мүмкүн экени аныкталган, бирок 4 пайызы гана антителолорду иштеп чыккан.