Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 25-июнь күнүсаат 17:28де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Өзгөн районунун Шералы, Кароол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

25-июнь күнү саат 19:49да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Орток, Кызыл-Дөбө, Комсомол, Ак-Талаа айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.