Бүгүнкү күндө, Бишкекте коронавирус тастыкталган жарандар үчүн 335 койка-орун бар.
Дагы бир өзгөчөлүк JenExpert ыкмасы менен COVID-19 вирусуна текшерүү жүргүзүлө баштайт.
«Бул лаборатория Улуттук фтизиатрия борборуна орнотулуп, бир сааттык мөөнөттө 8 анализди текшерүү мүмкүнчүлүгүн жана 99%га чейин тактыкты берет. Азыркы учурда 6500 тестирлөө жүргүзүүгө шарт түзүлгөн”, — деп билдирди Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.