АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео: «Россия тараптан болуучу аскердик коркунучту баалабай жатасыңар»-деп Германияга сөөмөй кезеди.

Помпеонун айтуусу боюнча: «ГФРдин коргоо жаатындагы чыгашалары мамлекеттин ИДПсынын болжол менен бир пайызын гана түзөт жана мунун өзү Россия бизге коркунуч жаратпайт дегенди билдирет».

Белгилей кетсек, өткөн жумада АКШдагы Россия элчилиги америкалык сенаторлорго кайрылып, америкалыктар менен европалыктардын көзүнө россияны жөнү жок эле «мокочо» кылып көрсөтпөөгө чакырып, Россия эч качан бирөөгө зомбулук кылбагандыгын, мындан ары дагы ошол принципти карманаарын белгилеп өткөн.