Чаткал жана Кара-Көл милициясы коронавирустун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө


Дүйнө жүзүнө коронавирус илдети тарап, андан биздин өлкө да жабыр тартып келет. Бул жугуштуу оорунун алдын алуу багытында Жалал-Абад областында милиция тарабынан бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылып келүүдө.

Чаткал РИИБдин кызматкерлери район аймагындагы дүкөндөрдө, коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Милиция кызматкерлери жарандарды чыныгы тастыкталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырышууда. Ооруну жугузуп алуудан алыс болуп, тиешелүү кызматтар тарабынан айтылып жаткан бардык талаптарды так сактоо керектиги эскертилүүдө. Автоунаа айдоочуларына жүргүнчү менен кол алышып учурашпоо, күн сайын машинаны дезинфекциядан өткөрүү зарылдыгы жеткирилди. Ошону менен катар коомдук жайларда бет кабы жок жүргөндөргө бет кап таратылып, санитардык талаптарды, жеке гигиенаны сактоого чакырышууда.

Ал эми Кара-Көл ШИИБдин жана тиешелүү кызматтардын кызматкерлери тарабынан шаар аймагындагы коомдук жайлар, банктар, калкты тейлөө борборлору текшерүүгө алынды. Алар жарандарды өз саламаттыгына кам көрүп, аралыкты сактоого чакырышты. Ошондой эле оорунун алдын алууга багытталган медициналык каражаттарды жанына алып жүрүүгө үндөштү.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы