Бүгүн, 26-июнда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен COVID-19 штабынын биргелешкен жыйыны өтүүдө.

Анда БШКнын жыйындарын онлайн трансляция кылуу маселеси талкууланып жатат. Кыргыз өлкөсүндө пандемияга байланыштуу шайлоо кандай шартта өткөрүлөт жана шайлоочулардын коопсуздугу каралабы, шайлоого кандай даярдыктар бар деген негизги суроолордун үстүндө талкуу жүрүүдө. Жыйында БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова өз пикирин билдирип жатат.

Маалым болгондой, талкууда коронавируска карабай парламенттик шайлоо өткөрүлө турганы айтылды.