Эрежелери катуу каратинди, өзгөчө абал режимин киргизүү — бул эпидемиологиялык абал өтө начарлаган шартта мамлекет тарабынан көрүлө турган акыркы чаралар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Өкмөт мындай абалга жеткирбөө үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

«Ошол эле учурда бардык тийиштүү санитардык эрежелерди жана талаптарды сактоо үчүн жарандардын аракеттешүүсү керек. Ошондо гана биз тыюу салуучу карантиндик чараларды киргизбей коё алабыз. Экономикалык ишмердүүлүктүн негизги чөйрөлөрүн жандандырган учурдан тартып бир айдан ашык убакыт өттү. Бүгүн биз Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында эпидемиологиялык абал күнүнө начарлап жатканын көрүп турабыз. Ооруга чалдыккандардын 50% алар инфекцияны кайдан жугузуп алышканын билишпейт. Ооругандарды медицина мекемелерине жаткыруу маселеси көйгөйлүү бойдон калууда, 118 линиясына чала албай, тез жардам кызматынын убагында келбей жатканына даттануулар түшүүдө. Бишкекте, Чүй облусунда жана Ошто орундардын санын көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерден тышкары, кошумча орундарды даярдоо керек. Бишкектин медициналык мекемелери толуп калган шартта жарандар Чүй облусундагы ооруканаларга жаткырылат», — деди Премьер-министр.

Премьер-министр «Семетей» обсерваторундагы корпустардын ремонтун тезинен аяктоонун, ошондой эле кыска мөөнөттө «Ак Кеме» мейманканасын илдетке кабылган адамдарды кабыл алуу үчүн кайра жабдуунун жана даярдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдиргендей, азыркы учурда Бишкекте жарандар үчүн медициналык мекемелерде 540 кошумча орун даярдалган.

Анын айтымында, акыркы күндөрү 118 колл-борборуна кайрылгандардын саны 5 эсеге өскөн. Бишкекте 20 линия иштеп жатат.

Өкмөт башчы белгилегендей,  118 линияларын эки эсе көбөйтүү керек.

 «Бишкек үчүн 20 линия аз. Алардын санын аз дегенде 2 эсеге көбөйтүү зарыл. Аны менен бирге 118 кызматында психологиялык колдоо көрсөтүлүшү шарт. Колл-борбордун толук кандуу ишин жана диспетчерлеринин сапаттуу иштөөсүн камсыздагыла, линия бош болуп, жарандар чалып,  кеңеш алып турушсун», — деди Кубатбек Боронов.

Саламаттык сактоо министирлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, COVID-19 симптомдору билинсе, жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлерге чалуу сунушталат. Алар кеңеш беришип, зарылдыгына жараша тиешелүү дарылоо курсун дайындашат.

Бишкектин биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев маалымдагандай, муниципалитет дезинфекциялоо максатында коомдук тамактануу жайларынын, соода аянттарынын ишин саат 22:00 чейин чектөөнү пландап жатат.

Республикалык штабдын жыйынында ошондой эле коронавируска каршы күрөшүү иш-чараларын каржылоого багытталган маселелер талкууланды. Саламаттык сактоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна күз мезгилине карата болжолдуу чыгымдар боюнча эсептөөлөрдү берүү тапшырылды.