Президенттин аппаратынын 8 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Кыргыз Республикасынын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу Президенттин аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын бүгүн, 26-июнда берген маалыматына ылайык, анализдердин жыйынтыгы боюнча Президенттин аппаратынын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

«Бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша жыйынтыктары өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат. Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда», – деп айтылат маалыматта.