Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кан-Ачуу жайлоосунда көптөгөн териси баалуу жаныбарлар байыр алган. Мисалга алсак, илбирс, күрөң аюу, сүлөөсүн, суур, карышкыр, түлкү, суусар жана башка жаныбарларды кездештирүүгө болот.

Кан-Ачуу жаратылыш паркынын кызматкерлери тарабынан жаныбарларды сактоо максатында фото капкандар коюлган. Фото капкан мыйзамсыз аң улоочулуктан сактайт. Бул сүрөттөр фото капканга түшкөн Кан-Ачуудагы жаныбарлар.

Жазгүл Машаева, Жалал-Абад медиаборборунун тогуз-Торо районундагы кабарчысы