Жалал-Абад ШИИБи тарабынан коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу багытында коомдук жайларда тилемчилик менен алектенген жарандарга рейд өтүп, алардын жашаган жерлери текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө 12 жаран балдары менен сырттан келишип, тилемчилик кылаары аныкталды. Алардын өздүктөрү такталып Ош облусунун Кара-Суу районуна тиешелүү кызматтардын коштоосунда, санитардык нормаларды жана жеке гигиеналык эрежелерди сактоо менен жеткирилди.

Ал эми карантин мезгилин эске албай жарандардын чогулушуна жана убактылуу жашаган үйдүн санитардык абалы тиешелүү талапка жооп бербегендиги үчүн үйлөрүн ижарага берген атуулдарга айып пулдар салынды.