Япония Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын долбоорунун алкагында Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына техникалык жардам катары автоунаа жана жабдыктарды тапшырды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Автоунаа жана жабдыктарды тапшыруу иш-чарасына ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки, БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев жана КРнын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Денис Гречанный катышкан.

Иш-чарада ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Япониянын элчилигине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазчылыгын билдирген.

“БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча доолборун ишке ашыруу үчүн бул багытта Ички иштер министрлигинин алдында коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн Япониянын өкүлчүлүгү тарабынан 2 млн 35 миң доллар тапшырылды. Долбоордун алкагында автоунаалар менен жабдыктар берилди. Ал өлкөдөгү баңги кылмыштуулугу менен натыйжалуу күрөшүүгө шарт түзөт. Тапшырылып жаткан автоунаа менен жабдыктардын жалпы суммасы 250 миң долларды түзөт. Бүгүнкү иш-чара Баңгизаттар менен күрөшүү боюнча бүткүл дүйнөлүк күнгө карата өтүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэкиге өлкөдө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат тапшырган. Ошондой эле ыраазычылык кат менен БУУнун Кыргызстандагы баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезнев дагы сыйланган.