2020-жылдын 26-июнь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Медициналык башкармалыгына жасалма дем алдыруучу аппаратын тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

 Аталган башкармалыктын башчысы, подполковник Нурдин Метеровдун айтусунда, бул аппарат өпкөсүнөн ооруган бейтаптар үчүн өтө зарыл аппарат. Анын сөзү боюнча, учурдагы кырдаалга байланыштуу дем алуусунан кыйналып түшкөн бейтаптарга дем алуусун жеңилдетүү үчүн концентрацияланган кычкылтекти берүү үчүн керектелет. Алар «Авангард-Стиль» компаниясынын жетекчилигине кайрылгандыктан, кайдигерлик мамиле жасабастан кайрылууга ыкчам жооп беришип, аппаратты алып келип тапшырышты.

«Авангард-Стиль» компаниясынын жетекчиси Эрнис Минкеев Нурдин Метеровго аппаратты жеке өзү тапшырды. Ал ИИМдин кызматкерлери пандемия менен күрөшүүдө алдыда экендигин айтып, жалпы коомчулуктун коопсуздугуна жана ден соолугуна кам көрүүдө деп билдирди. Ошол эле учурда коомчулук дагы милиция кызматкерлерине дагы жардам бериш керек, ошондуктан биз ИИМдин бейтапканасына ушундай аппаратты сатып алып берүүнү чечтик.

Өз учурунда Нурдин Метеров, «Авангард-Стиль» компаниясынын ИИМге биринчи гана жардамы эместигин, бул күнгө чейин Өзгөчө абал учурунда блок посттордо турган милиционерлерге азык-түлүктөрдү, коргонуучу каражаттарды алып келишкен. Ошондой эле, Бишкек шаарынын комендатурасына каржылык жаткан колдоо көрсөткөн.

«Бизкөрсөткөн жардамдары үчүн «Авангард-Стиль» компаниясына жана жетекчилигине ыразычылык билдиребиз. Алар дагы Кыргызстандын эли менен кошо ден соолукта болушсун»,-деди сөзүн жыйынтыктап Нурдин Метеров.