Россиядан Бишкекке 554 кыргызстандык учуп келди, анын 41и эки жашка чыга элек наристелер. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алар «Аэрофлот — Россия аба байланышы» авиакомпаниясынын «Санкт-Петербург — Бишкек» чартердик каттамы менен алып келинген.«Учуп келген жарандардын арасында ай-күнүнө жетип калган кош бойлуу жана балдары бар аялдар, Санкт-Петербург шаарында жана Ленинград облусунда билим алган студенттер, Россияга ден соолугуна байланыштуу операция жасатууга баргандар бар. Ошондой эле жакындарын жоготкондор жана оор кырдаалдагы жарандар дагы бул каттам менен келген», — деп айтылат маалыматта