26-июнда Бишкекте эки жеңил унаа сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алганы маалымдалган. Анда Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Камри унаасы жеңил унаа менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгы көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Кийинчерээк кырсык тууралуу кыска тасма интернетке жарыяланды. Андан Медеров көчөсү менен бара жаткан унаа катуу ылдамдыкта бара жатканын көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн айтымына караганда, кырсыка кабылган унаанын ичинде ырчы Асель Кадырбекова дагы бар экенин айтышууда. Бул маалыматты ырчынын сахналаш достору дагы тастыктап, Кадырбекова ооруканага жаткырылган. Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.