Өкмөттүн буйругуна ылайык, өзгөчө абал режими учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акча төлөөгө 218 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтында кабарланды.

«Финансы министрлиги аталган буйрукту аткаруу үчүн ушул жылдын 25-июнунда Ички иштер министрлигинин системасына жалпысынан 218 миллион сом бөлдү. Анын ичинен 209 миллион сому Ички иштер министрлигине, 9 миллион сому ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясына каралды», — деп жазылган маалыматта.