Кытай Элчилиги АКШ бийлигине Гонконг чырынан улам кытайлык аткаминерлер үчүн Вашингтон тарабынан киргизилген визалык чектөөлөрдү алып салуу боюнча кайрылуу жолдоду.

Жума күнү АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Гонконгдун автономиясына шек келтирип, адам укуктарын бузгандыгы» үчүн Кытай компартиясынын аткаминерлерине каршы визалык чектөө киргизилгендигин жар салган.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ уйгур элин, деги эле Кытайдагы мусулмандарга кысым жасоо, Тибет жана Синьцзянь-Уйгур автоном округундагы адам укуктарын тебелөө боюнча Кытайга санкция киргизе тургандыгын айтып келген.