Нью-Мексико штатынын үч тургуну колго чачуучу бактерияга каршы суюктукту ичип алып каза болушту.

Аталган штаттын Саламаттык сактоо департаментинин билдирүүсү боюнча каза болгондордун сырткары, үч адам оор абалда ооруканада жатса, дагы бир адамдын көзү көрбөй калган.

Белгилей кетсек, бактерияга каршы колдонулуучу гельдер метил спиртинен даярдалат.