Жалал-Абадда диний көз караштан улам 10 жаштагы уулун мектепке жибербей келген атанын иши сотко өттү. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, буга чейин Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын адистери шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде жашаган, «Йакын Инкар» агымынын өкүлү деп эсептелип келген үй-бүлө уулун мектепке жибербей жатканын айтып чыккан болчу. Диний көз караштан улам уулун мектепке жөнөтпөгөн үй-бүлөнү башкармалыктын адистери үймө-үй кыдырууда аныкташкан. Башкармалыктын адистери бир нече жолу сүйлөшүүгө барган менен баланын атасы «өзүм окутуп алам» деп окууга жиберүүдө баш тарткан. Мындан улам баланын тагдыры Жалал-Абад шаардык мэриясынын балдар иштери боюнча комиссия талкуулап, маселе хатибиятка тапшырылган. Дин өкүлдөрү үй-бүлөгө барган тапта баланын атасы 4 айлык даватка кеткени маалым болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, 2020-жылдын март айында Жалал-Абад шаарынын 1977-жылы туулган тургуну А.Т. Жалал-Абад шаарынын тургундарын дин менен жашоого, мектепке балдарын жөнөтпөй, исламдан башка билим албоого, ооруканага барбай, ар кандай ооруларга каршы эмдөөлөрдү албоого, КРнын Конституциясына жана башка мыйзамдарына баш ийбөөгө үгүттөп, жарандардын арасында ислам дини боюнча терс түшүнүктөрдү таратып жүргөндүгү боюнча маалыматтар алынган. Ошондой эле мектеп жашындагы уулун мектепке берүүдөн баш тартып келгени да айтылган.