COVID-19га каршы вакцинаны өндүрүү үчүн 31,3 млрд. доллар талап кылынат

 2021-жылдын аягына чейин коронавируска каршы тесттерди, вакциналарды жана дары-дармектерди өндүрүү жана жайылтуу боюнча ACT-Accelerator программасын өнүктүрүү боюнча Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму үчүн 31,3 миллиард доллар талап кылынат.

Белгилей кетсек, ACT-Accelerator үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Евробиримдик, Франция мамлекети, ошондой эле Билл жана Мелинда Гейтс фонду менен биргеликте түзүлгөн.

Алынган маалыматтарга ылайык июнь айыннын аягында аталган программага 3,4 миллиард доллар өлчөмүндө финансылык жардам көрсөтүлгөн.