The Guardian басылмасынын маалыматы боюнча Германия канцлери Ангела Меркель эгерде АКШ дүйнөгө лидерлик кылуудан баш тартса, бул ролду ким ойной тургандыгын ойлоно жүрүү керектигин жар салды.

АКШ президенти Дональд Трамптын немис тарап менен кеңешип кеспей туруп эле Германиядагы америкалык аскерлердин контингентин кыскартуу тууралуу билдирүүсүнө Меркель дал мына ушундай реакция жасаган. Анын оюу боюнча дүйнө жүзү: «АКШ сөзсүз түрдө дүйнөгө лидерлик кылуусу керек» — деген ишенимден кайтуусу, ал эми Европа океандын ары жагын карап отурбай, өзүн өзү коргоого даяр болуусу керек.

Ошол эле учурда канцлер АКШ менен Германия ортосундагы кызматташтык мурдагы деңгээлинде кала тургандыгына ишенээрин, Германия коргонуу тармагындагы өз чыгашаларын көбөйтөөрүн белгилеп өткөн.