Ковид боюнча абал чындап эле оор болуп калды окшойт. Кечээтен бери мага телефон чалган досторумдун баары эле ооруп атабыз, эмне кылыш керек деп кеңеш сурагандар. Бул оору өзүмдүн мисалымда айтсам дени сак, жаш организмдерге коркунуч деле келтирбейт экен.

Биринчиден, паника кылбаш керек. Экинчиден, ооруканадагы орундардын баарын карыяларга, абалы оорлорго бошотконубуз оң деп ойлоп атам. Мисалы, мен жакшы эле болуп калдым. Эмнеге 12 күн күтүп, орундукту ээлешим керек? Мындан ары үйдөн эле дарылансам болот! Ковид бул чума эмес, грипп сыяктуу эле оору экен.

Андыктан, штаб ушул жагын ойлонуп, абалы оор эместерди үйдөн дарыланууга чыгарса, чыныгы муктаждарга орундар бошомок. Канча сактансак да, акыр аягы баарыбыз эле бир сыйрадан ооруп чыгат окшойбуз.

Атүгүл, бизди дарылап жаткан доктурларыбыз да азыр жөтөлүп жүрүшөт. Ишенбейбиз деп бакылдагандар жоголуп кетти. Оору массалык формага айланып бараткансыйт.

Азыр эң башкысы, ата-энелерибизди, карыяларыбызды көздүн карегиндей асырашыбыз керек. Доктурлар айткан эрежелерди сактайлы, туугандар…