COVID-19 инфекциясынан 3 адам каза болду

27-июнга карата өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Каза болгондор Ош облустар аралык ооруканасынан – 1 (аял, 1969-ж.), Жалал-Абад облустук ооруканадан – 1 (аял, 1944-ж.), Аксы аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 1946-ж.).

Жалпы каза болгондордун саны 46 кишини түздү.