Россиянын аймагына кирүүгө укугу бар Кыргызстандык жарандар,  жүргүнчүлөрдүн тизмесине кире алышат. Бул тууралуу Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматта  айтылгандай, бул категорияга Россия Федерациясында дарыланууга муктаж болгондор, Россияда туугандары (жубайлары, балдары, ата-энелери) бар жарандар, жашап турууга уруксаты бар адамдар жана жакын туугандарына кам көрүү керек жарандар кирет.

«Алар өздөрү тууралуу маалыматты электрондук түрдө, Бишкектеги элчиликтин консулдук бөлүмүнүн электрондук дарегине: ruscons@saimanet.kg же 0312612615, 0312612617 телефондору же Оштогу Башкы консулдук: rusconsosh@mid.ru же 0322288221 телефондору аркылуу жөнөтө алышат», — деп белдиришет  өкүлчүлүктөн.