Кыргыз Республикасынын ЖККББнын Ысык-Көл ОИИБ боюнча кызматкерлери санитардык-эпидемиологиялык жана транспорт инспекциясынын өкүлдөрү менен бирдикте жүргүнчүлөрдү жеке ташуу жана коомдук тарнспорттун айдоочуларын, коронавирус инфекциялык илдетинин жайылышына жана жугушуна жол бербөө максатында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин сактоо боюнча рейд өткөрүүдө.

Бир күндүк рейдтин жүрүшүндө 70ке жакын таксисттер, 45 кичиавтобус жана 4 автобус айдаган айдоочулар текшерүүдөн өтүштү. Рейд учурунда 1 айдоочу санитардык эрежелерди сактабастан жүргүнчүлөрдү ташып жүргөндүгү аныкталды.

Аталган айдоочуга бузуулар жөнүндө кодексинин 150 беренеси (Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу) менен протокол түзүлүп, 3 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды жана маршруттан алынды.

Рейд учурунда жол коопсуздугунун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташууда санитардык эрежелерди сактоо жана дарыгерлердин өздүк гигиена боюнча кеӊештерин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Рейд 3 күндүн аралыгында өтмөкчү.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы