Коомдук ишмер Урмат Барыктабасов  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жармад көрсөтүп, Балыкчыда жайгашкан мүлкүн берүүнү чечти. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

«Кутман таң достор!

Бир жакшы кабар менен бөлүшөйүнчү силер менен. Бизде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар.

Алардын ата энелери да бар.Мен алар менен көп сүйлөшүп турам. Ата-энелерге деле кыйын, оор эле.

Балыкчыда мүлкүм бар деп айттым эле. Ошонун бирөөсүн, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берейин деп чечтим. Ичи евроремонт жасалган.Төлөбек Адилеттер менен сүйлөштүм.

Спорт, билим алуу, бизнес (байпак чыгарган ишкана, Италия) ж.б.у.с баштайлы деп сүйлөшүп баштадык.Балдарга база болуп берсин деп. Ош,Талас,Жалал Абад, Баткен, Нарын,Чүй обл жашаган да балдар Ыссык-Көлгө келип дем алып тургандай жана билим ала турчу шарт түзүлсө деп кыялдандык.

Онлайн сабак өткөрүп туралы деп да сүйлөштүк. Балдарга сапаттуу билим алуу жер болсун деп чечтик. Балдар имаратты көрүштү, жактырды. Дагы балдар менен сүйлөштүм. Буйурса жакшы болот деп ниеттенип койдук. Кеңейткенге да жери кенен эле. Балдарга ийгилик каалап коелу. Сунуштар түшүп дагы кошумчалар болот го деп ойлоп атабыз. P.S. Бул иш токтобойт, дагы жардам берилет.»- деп жазат ал.