Бүгүн, 2020-жылдын 27-июнь күнү, Кара-Көл шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички коопсуздук аскер кызматынын 718-аскер бөлүгүндө жаш жоокерлерди Аскердик антка келтирүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.  Бул тууралуу ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын  Басма сөз кызматынан билдирди.

Жаш жоокерлер июнь айынын башында аскер кызматына чакырылып, бир ай ичи окуу курсун өтүшүп, аскердик кесиптин алгачкы билимдерин алышты. Окуу жыйын учурунда биздин жаш жоокерлерибиз мамлекеттик укуктук, саптык, ок атуу, атайын тактикалык жана башка күжүрмөн даярдыгынан сабактарын окушуп, Аскердик Ант алууга даярдык көрүп жатышты.

Мамлекетибиздеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, Ички коопсуздук аскер кызматында алгачкы жолу жаш жоокерлерди Аскердик антка келтирүү аземине ата энелери жана жакын туугандары катышкан жок. Жаш жоокерлерди Ант берүү аземи бөлүктүн командачылыгынын жана куралдаштарынын катышуусунда өткөрүлдү.